Бишкекте энергияны сактоо тутуму менен күн генерациясынын пилоттук долбоору ишке киргизилди
19 январь

Бишкекте энергияны сактоо тутуму менен күн генерациясынын пилоттук долбоору ишке киргизилди

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылган күн фотоэлектр станциясынын энергиясын сактоо тутуму (BESS) менен интеграциялоо боюнча пилоттук долбоордун бет ачары болуп өттү. Бул долбоор имараттын чатырында күн генерациясын аккумулятордук энергия сактоо тутуму менен айкалыштырган алгачкы практикалык мисалдардын бири болуп саналат.

Иш-чара долбоор ишке ашырылган объекттин аянтчасында өткөрүлүп, ага мамлекеттик органдардын, жеке сектордун, жогорку окуу жайлардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Долбоордун алкагында энергия сыйымдуулугу болжол менен 200 кВтс болгон электр энергиясын сактоо тутуму, кубаттуулугу 50 кВт чамасындагы күн фотоэлектр станциясы, ошондой эле энергия керектөөнү санариптик башкаруу тутуму (PMS/EMS) орнотулуп, ишке киргизилди. Долбоордун технологиялык чечимдери кореялык жабдууларды жана инженердик иштеп чыгууларды колдонуу менен жүзөгө ашырылды.

Тутум электр тармагына кошулган режимде (on-grid) жүктөмдөрдүн чокусун тегиздөөгө жана электр энергиясын керектөөнү оптималдаштырууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле автономдук режимде (off-grid) иштеп, авариялык өчүрүүлөр учурунда объекттин электр менен камсыздалышын жана микротармактын үзгүлтүксүз иштешин камсыздай алат.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги белгилегендей, мындай пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу жашыл экономиканы өнүктүрүү үчүн практикалык негизди калыптандырууга, заманбап энергетикалык чечимдерди киргизүүгө жана өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасынын туруктуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.