Тармактык комитетте адал индустрия жаатындагы мыйзам долбоору колдоо тапты 19-01-2026 16:47
19 январь

Тармактык комитетте адал индустрия жаатындагы мыйзам долбоору колдоо тапты 19-01-2026 16:47

Бүгүн, 19-январдагы Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда колдоого ээ болду.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Мыйзам долбоорун тааныштырган экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматовдун айтымында, мыйзам долбоорунун максаты жана милдети адал индустрия жаатындагы ченемдерди белгилөө жана өркүндөтүү болуп саналат. Баяндамачы Кыргыз Республикасында адал индустрия чөйрөсү тездик менен өнүгүп, жыл сайын бул тармакта иштеген ишканалардын саны өсүп жатканын белгилеп: «Адал продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талаптын өсүшүнө байланыштуу, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын камсыз кылуу жана ак ниет атаандаштыкты колдоо максатында адал индустрияны жөнгө салуу үчүн кыйла катуу контролдун жана так юридикалык ченемдерди белгилөөнүн зарылдыгы келип чыгууда», – деди.

Талкуу маалында депутат Марлен Маматалиев адал продукциясын өндүрүүдө кластердик ыкманы киргизүү зарылдыгын белгилеп, «адал» сертификаты өндүрүштүн бардык этаптары тиешелүү талаптарга толук жооп берерин тастыкташы керектигин айтты. Депутат Дастанбек Жумабеков да көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгына токтолуп, талаптарга жооп бербеген учурлар «адал» деген аталыштын кадыр-баркына шек келтириши мүмкүн экенин белгиледи. Эл өкүлү Эльвира Сурабалдиева да мыйзам долбоорун колдоп, «адал» стандарттарын сактоо Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө да өбөлгө түзөрүн билдирди.