Банктык укуктук мамилелердин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди
31 октябрь

Банктык укуктук мамилелердин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Банктык укуктук мамилелердин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Бул Мыйзамдын максаты “Керектөөчү кредит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамыменен колдонуудагы мыйзамдарды шайкеш келтирүү, ошондой эле аны ишке ашыруу жана контролдоо үчүн натыйжалуу укуктук механизмди түзүү болуп саналат.

Тактап айтканда Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде карыз, кредит жана товарды насыяга сатуу жөнүндөгү жалпы жоболор керектөөчү кредит чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен керектөөчү кредиттерине карата колдонулат.

Мыйзамда чектүү жол берилген пайыздын/үстөк баанын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жарым жылдык негиздеаныкталуучу орточо өлчөнгөн номиналдык пайыздык коюмга жараша эсептелет, ага 12 пайыз кошулары каралган.

Мыйзам керектөөчүлөрдүн укуктарын жана белгиленген чектөөлөрдү бузган кредиторлорго таасир этүү чараларын колдонуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына ыйгарым укуктарды берет.

Ошентип, Мыйзам Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык,кредиторлор тарабынан керектөөчү кредитчөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы үчүн 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу түрүндөгү жоопкерчиликти карайт.