Баткенде “Алгакадам” ирригациялык долбоорунун курулушу уланууда
КРнын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, Баткен облусун өнүктүрүү фондунун төрагасы Бактыбек Токсонбаев жана өнүктүрүү фондунун алдындагы байкоочу кеңешинин курамы, тиешелүү облустук мекеме ишканалардын жетекчилери, “Алгакадам” коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан ирригациялык долбоордун жүрүшүн жеринде көрүп, маалымат алышты.
Кадамжай районунда "Алгакадам" коомдук бирикмеси тарабынан курулуп жаткан ири ирригациялык объект бүткөрүлсө, жалпы 4200 га жер өздөштүрүлүп, 27,805 км магистралдык канал курулуп, 25,0 га өнөр жай зонасы ачылаары белгиленген.
Долбоордун алкагында узундугу 6814 метр болгон тоннел казуу, тоо кыртыштары аркылуу канал куруу, 200м куб көлөмдөгү БСР куруу, башкы суу алуучу түйүн куруу жумуштары аткарылып келет.
Объектти 2026-жылдын күз айларына бүткөрүү пландалган.
Курулушта жалпы 200дөй адам иштеп келүүдө.
