Айтматов районунда гиссар тукумундагы койлордон 100 кг чейин эт алынууда
2 сентябрь

Айтматов районунда гиссар тукумундагы койлордон 100 кг чейин эт алынууда

Айтматов районунда «Аншыбек ата асыл тукум кой чарбасы» гиссар породасындагы койлорду багуу менен алектенип келет.

Алгач чарбада 15 башка ар түрдүү породадагы койлор болгон. Кийин фермер гиссар породасынын артыкчылыктарын изилдеп, аларды кыргыз койлору менен аргындаштыра баштаган.

Натыйжада малдын саны акырындык менен көбөйгөн.

Гиссар породасы эт багытындагы койлордун катарына кирет. Бир башынын баасы 50 миң сомго чейин жетет. Бул койлор тез көбөйүп, көп учурда эгиз тууйт, ооруларга туруктуу, тоодо кыштоого ыңгайлуу жана күчтүү иммунитетке ээ.

Учурда чарбадагы ар бир кой орто эсеп менен 50 килограммдан ашык эт берсе, бир кочкордун салмагы 100 килограммдан жогору.

Фермердин негизги максаты – сапатка көңүл буруп, мыкты тукум алуу менен бирге, келечекте заманбап сарай куруп, малды багууга кесипкөй шарт түзүү болуп саналат.

Бул демилге аймакта эт багытындагы мал чарбасын өнүктүрүүгө жана гиссар породасын жайылтууга чоң салым кошууда.