Алмаз Салиев: Бирдиктүү терезе келечекте ишкерге товар алып келчү мамлекеттердин маморгандарынан документ топтоп берет
2 ноябрь

Алмаз Салиев: Бирдиктүү терезе келечекте ишкерге товар алып келчү мамлекеттердин маморгандарынан документ топтоп берет

Ушул жылдын июнь айында Экономика министрлигинин алдындагы бирдиктүү терезе Бажы кызматына өткөрүлүп берилген. Бул реформа толук аяктай элек, учурда оңдоо-түзөө процессинде, бирок ага карабай жыйынтыгын көрсөтүп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

“Негизи дүйнөдөгү көп өлкөлөрдө бирдиктүү терезе Бажы кызматынын алдында иштеп келген. Буга чейин бизде Экономика министрлигинин алдында болчу, бирок ишкерлер көп учурда бирдиктүү терезенин мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалана албай калышкандыктан, алардын суранычы менен бизге өткөрүп беришти. 2 ай ичинде маалымат системаларын оңдоо-түзөө иштерин жүргүзүп жатабыз. Ошол эле убакта буга чейинки айларга салыштырмалуу ишкерлерди тейлөөнүн саны жана сапаты 34 пайызга көбөйдү. Киреше жагы да 17 пайызга жогорулады”, – деди Салиев.

Айтымында, бирдиктүү терезе боюнча амбициялык пландар абдан чоң. Мисалы, ишкер жеке кабинети аркылуу кайсы бир өлкөдөн кандайдыр бир товарды алып келүү ниетин билдирсе, бирдиктүү терезе калганын өзү улап, ошол мамлекеттин тийиштүү органдарынан документтерди топтоп бере турганга жетишүү керек.

“Ишкер мамлекеттик органдарды кыдырып, бир жактан тастыктама алып, экинчи жакка тапшыра тургандай болбошу керек. Бирдиктүү терезеден документ топтоо маселеси чечилсе, бул адам факторун, бюрократияны азайтат. Мен өткөрүү пунктарындагы бажы кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп, кайсы жүк канча убакытта өткөрүлгөнүн билип турам. Эч убакта убакыт ашыкча кетпеш керек. Биз ишкерлер менен тыгыз байланышта болуп, алардын үнүн укпасак, алыска бара албайбыз”, – деди Алмаз Салиев.