Астанада Кыргызстандын жана Казакстандын энергетика министрлери кызматташтыкты талкуулашты
2026-жылдын 23-июлунда Казакстан Республикасынын борбору Астана шаарында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Алтынбек Рысбеков менен Казакстан Республикасынын энергетика министри Ерлан Аккенженовдун расмий жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар энергетика тармагындагы эки өлкөнүн кызматташтыгынын учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын кеңири талкуулашты. Өзгөчө көңүл электр энергетикасы жаатындагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоого, ошондой эле аймактык суу-энергетикалык кызматташтык алкагындагы координацияны мындан ары өркүндөтүүгө бурулду.
Министрлер электр энергиясын жеткирүү жана транзиттөө маселелерине, энергетикалык системалардын иштөө режимдерин өз ара макулдашууга, ошондой эле буга чейин жетишилген макулдашууларды ырааттуу ишке ашырууга өзгөчө басым жасашты.
Казакстан тарап Кыргыз Республикасы менен энергетика тармагында тыгыз кызматташтыкты улантууга, энергосистемалардын ишенимдүү жана туруктуу иштешин камсыздоого, ошондой эле аймактык энергетикалык өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө даяр экендигин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн энергетика министрлери өз ара ишенимге, стратегиялык өнөктөштүккө жана жалпы кызыкчылыктарга негизделген кызматташтыкты мындан ары да активдүү өнүктүрүүгө, энергетика тармагындагы негизги багыттар боюнча биргелешкен иштерди улантууга өз ара бекем ниеттерин ырасташты.
