Папан ГЭСинин суу алуучу курулушун куруу боюнча даярдык иштери жүрүүдө
Өлкөдө энергетикалык тартыштыкты жою, генерацияны көбөйтүү боюнча Энергетика министрлиги тарабынан бир катар долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын катарында Папан ГЭСинин долбоору бар.
Папан ГЭСинин курулуш долбоору «Чакан ГЭС» ААК менен «Кыргыз-кытай гидроэнергетикасын куруу боюнча биргелешкен коом» ЖЧКсынын ортосундагы мамлекеттик-жекече өнөктөштүктүн (МЖӨ) алкагында жүзөгө ашырылууда жана анын курулушу Кыргызстандагы гидроэнергетиканы өнүктүрүүнүн маанилүү кадамы болуп саналат.
Азыркы учурда суу алуу курулушуна аянтчаны даярдоо иштери активдүү жүрүүдө. Учурда суу алуу курулушу жайгаша турган жумушчу аянтчаны тазалоо иштери бүткөрүлдү.
Ошондой эле адистер котлован казуу иштерин жүргүзүүдө, бул бетон конструкцияларын келечекте көтөрүү үчүн шарт түзөт.
Мындан тышкары, макулдашуунун негизинде «Кыргыз-кытай гидроэнергетикасын куруу боюнча биргелешкен коом» ЖЧКсынын өкүлдөрү Папан ГЭСинин административдик башкаруу имаратын косметикалык оңдоодон өткөрүүдө.
Маалымат катары: Папан гидроэлектростанциясы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычынын төмөнкү бөлүгүндө (бьефинде) жайгашат. Жаңы ГЭСтин пландалган кубаттуулугу 27 МВтты (үч гидроагрегат, ар бири 9 МВт) түзөт, ал эми жылдык орточо электр энергия өндүрүү көлөмү 113 млн кВт·с болот.
