Фискалдык программалык камсыздоону киргизүү боюнча пилоттук долбоордун учурдагы жыйынтыктары
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону киргизүү боюнча пилоттук долбооруна коомдук тамактануу тармагындагы 546 субъект катышууда.
Мында интеграцияланган фискалдык программалык камсыздоолордун жалпы саны 880 бирдикти түзөт.
Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө катышкан субъекттердеги Z-отчёттор (ар бир иш күнү аяктагандан кийин басылып чыккан, нөөмөттү жабуу жана кассаны нөлгө түшүрүү үчүн колдонулган жыйынтыктоочу кассалык чек) боюнча катталган түшүүнүн көлөмүндө оң динамика байкалууда. Бул киргизилип жаткан чечимдин натыйжалуулугун жана практикалык эффективдүүлүгүн көрсөтөт.
Мисалы, бир кафенин ФПКга кошулганга чейин орточо күнүмдүк түшүүсү 45,5 миң сом болсо, кошулгандан кийин 338,3 миң сомго жетип, өсүү динамикасы 744%ды түздү.
Мындан тышкары, долбоордун катышуучулары отчеттуулук жана кассалык жабдууларды тейлөө боюнча убакыт жана уюштуруучулук чыгымдарынын кыскарганын белгилешүүдө.
Белгилей кетсек, ФПКнын Салык кызматына келип түшкөн маалыматтары республиканын бардык аймагында фискалдык программалык камсыздоону андан ары кеңейтүүгө жана жайылтууга өбөлгө түзүп, долбоордун актуалдуулугун жана натыйжалуулугун тастыктайт.
