Кыргызстан Япониядагы Экспо – 2025 көргөзмөсүнө даярдык көрүүдө
Бүгүн КР президентин алдындагы Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинде (НАИ) Кыргызстандын Экспо – 2025 көргөзмөсүнө катышуусун даярдоо боюнча жыйын өттү.
НАИден билдиришкендей, көргөзмө 2025-жылдын 13-апрелен 13-октябрына чейин Япониянын Осака шаарында өтөт.
Жыйында Кыргызстандын павильонун даярдоо масласелери, Экспо – 2025 дүйнөлүк көргөзмөсүнүн концепциясы, көргөзмө алкагында бизнес-форум өткөрүү, Кыргыз Республикасынын Улуттук күнүнүн программасы жана башка уюштуруу маселелери талкууланды.
Бардык катышуучулардын аракеттерин тыгыз координациялоо жана Кыргыз Республикасын эл аралык аренада жогорку деңгээлде таанытылышын камсыз кылуу зарылдыгы белгиленди.
Кыргызстандын павильону улуттук стилде жасалып, кыргыз жана япон маданиятынын айкалышын чагылдырат.
