Россиядан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан 11 тонна колбаса азыктары артка кайтарылды
Чүй облусуна караштуу «Ак-Тилек» чек ара ветеринардык көзөмөл өткөрүү жайында Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан 11 720 кг колбаса азыктары аныкталып, артка кайтарылды.
Текшерүү чек ара ветеринардык көзөмөл пунктунун инспекторлору тарабынан жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө Евразия экономикалык биримдигинин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы белгилүү болду.
Аталган факт боюнча тиешелүү тартипте актылар түзүлүп, жүктү Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүүгө тыюу салынды. Натыйжада жүк «Ак-Тилек» көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кайра Россия Федерациясына жөнөтүлдү.
