РКӨФ менен "Айнекстан" компаниясы терезе конструкцияларынын эң ири өндүрүшүн ишке киргизди
2 сентябрь

РКӨФ менен "Айнекстан" компаниясы терезе конструкцияларынын эң ири өндүрүшүн ишке киргизди

«Айнекстан» компаниясы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) колдоосу менен Кыргызстандагы эң ири айнек пакеттери жана терезе конструкцияларын чыгаруучу өндүрүштүк комплексти ишке киргизди.

Ишкананын расмий ачылышына президент Садыр Жапаров катышты.

Долбоордун жалпы инвестиция көлөмү 10 млн доллардан ашат, анын ичинен 6,4 млн долларды РКӨФ каржылады. Жалпы аянты 10 500 м² болгон жаңы комплекс эки өндүрүштү камтыйт.

Комплекстин ишке кириши менен 300дөн ашык жумуш орду түзүлдү, анын ичинен 150 – жаңы орундар.