Жогорку технологиялар паркынын жана Креативдүү индустриялар паркынын резиденттери камсыздандыруу полисин онлайн режиминде сатып ала алышат
17 февраль

Жогорку технологиялар паркынын жана Креативдүү индустриялар паркынын резиденттери камсыздандыруу полисин онлайн режиминде сатып ала алышат

Мамлекеттик салык кызматы Жогорку технологиялар паркынын жана Креативдүү индустриялар паркынын резиденттери болгон жеке жактарга жана жеке ишкерлерге камсыздандыруу полисин сатып алуу мүмкүнчүлүгүн киргизди.

Полисти салык органынан же cabinet.salyk.kg сайтындагы "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" онлайн тариздөөгө болот.

Тариздөө үчүн "Жеке кабинетке" кирип, "Модулдар" бөлүмүнөн "Электрондук кызматтарды" тандоо керек. Андан кийин "Электрондук патент" бөлүмүнөн "Полисти" тандоо зарыл.

Эскерте кетсек, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жалданма жумушчулары жок Жогорку технологиялар паркынын жана Креативдүү индустриялар паркынын резиденттери (жеке жактар/жеке ишкерлер) камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен орточо айлык эмгек акыдан 12% өлчөмүндөгү камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөйт.