Салык кызматы 2025-жылдын 10 айында салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн белгиленген пландан ашыгы менен жыйнады
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов «Биринчи радиого» берген маегинде Салык кызматынын 2025-жылдын январь–октябрь айларындагы иштеринин жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.
Ал белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын 10 айында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 310,4 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулган.
Пландык көрсөткүчтөр 104,3%га ашыгы менен аткарылып, 12,7 млрд сомго көп жыйналды.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 73,2 млрд сомго көбөйдү, өсүү ыргагы 130,9%ды түздү.
«Биз салык тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалардын жыйынтыгын көрүп жатабыз. Статистикага кайрылсак, республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге түшкөн салыктык түшүүлөр 10 айдын ичинде 243 млрд сомдон ашты. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 66 млрд сомго көп. Өсүү 137%ды түздү. Ошондой эле, бизге социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу да жүктөлгөн. Бул багытта дагы оң динамика байкалууда.
10 ай ичинде 66 млрд сомдон ашык каражат чогултулду, өткөн жылга караганда 6,7 млрд сомго көп», – деп билдирди Мирлан Рахманов.
Ал кирешелердин өсүшү салык жүгүн көбөйтүү менен эмес, салык төлөөчүлөрдүн базасын кеңейтүү, процессстерди санариптештирүү жана салыкты ыктыярдуу төлөө деңгээлинин жогорулашы аркылуу камсыз болгондугун баса белгиледи.
Төрага орун басары кошумчалагандай, бул жыйынтыктар бизнес үчүн ыңгайлуу шарт түзүү жана өлкөнүн экономикалык потенциалын бекемдөө багытында жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжасы. Ошондой эле Кыргызстандагы салык тутумунун туруктуу өнүгүп жатканын көрсөткүчү.
