Электрондук акча деген эмне? Улуттук банктын түшүндүрмөсү
1. Электрондук акча деген эмне?
Электрондук акча – бул акча наркы, ал алдын ала төлөнгөн карталарды кошо алганда, электрондук капчыкта электрондук түрдө сакталат, жана төлөм каражаты катары кабыл алынат.
2. Электрондук капчык деген эмне?
Электрондук капчык - бул электрондук акчаны сактоо жайы, анда акчанын суммасы жана алардын капчыктык ээсине тиешелүүлүгү көрсөтүлөт.
3. Вируталдык актив деген эмне?
Виртуалдык актив - наркка ээ болгон, баалуулуктун санариптик туюндурмасы жана/же мүлктүк жана/же мүлктүк эмес укуктарды күбөлөндүрүү каражаты болуп саналган, электрондук-санариптик формадагы маалыматтардын жыйындысы.
Виртуалдык актив акча бирдиги (валюта), төлөм каражаты же баалуу кагаз болуп саналбайт.
4. Электрондук акчанын эмитенти кайсы мекеме?
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акчанын эмитенти катары Улуттук банк жана коммерциялык банктар саналат.
5. Жогорку Кеңеште төлөм системасы жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча талкуу жүрүүдө. Эмне өзгөрүшү мүмкүн?
"Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" мыйзам долбооруна ылайык, коммерциялык банктар менен катар эле, төлөм уюмдарына да электрондук акча чыгаруу мүмкүнчүлүгүн берүү сунушталууда. Ошондой эле QR коддору аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүүгө байланыштуу өзгөрүүлөр дагы каралган.
