Эмгек министрлиги: өлкө боюнча 12 миңден ашуун үй-бүлө менен социалдык контракттар түзүлдү
10 ноябрь

Эмгек министрлиги: өлкө боюнча 12 миңден ашуун үй-бүлө менен социалдык контракттар түзүлдү

2025-жылдын 10-ноябрына карата республика боюнча аз камсыз жана жакыр үй-бүлөлөр менен 12 201 социалдык контракт түзүлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдайт.

Программанын максаты – аярлуу үй-бүлөлөргө өз ишин өнүктүрүү аркылуу жакырчылыктан чыгууга багытталган даректүү колдоо көрсөтүү.

Социалдык контракттын алкагында катышуучулардын бизнес-долбоорлору айыл чарба, өндүрүш, соода жана кызмат көрсөтүү сыяктуу тармактарда ишке ашырылууда.

Түзүлгөн социалдык контракттардын багыттарын алып караганда, эң көп  айыл чарба тармагы – 9373 долбоор. Кызмат көрсөтүү тармагында 1112 долбоор, өндүрүштө – 925, соода тармагында – 727 долбоор ишке ашырылууда.

Катышуучулардын жалпы санынан 10 902син аялдар түзөт. 2025- жылга белгиленген квота 13 333 катышуучуну түзөт.