Кыргызстанда күйүүчү майдын запасы 1-1,5 айга жетет
15 май

Кыргызстанда күйүүчү майдын запасы 1-1,5 айга жетет

Кыргызстанга мунай продуктуларын жеткирүү Кыргызстан менен Россиянын Энергетика министрликтеринин ортосундагы өкмөттөр аралык келишимдин алкагында жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу тиешелүү мекемелер билдиришти.

Өлкөнүн күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон жылдык муктаждыгы болжол менен 1,6 млн тоннаны түзөт.

Базарды жөнгө салуу максатында 2023-жылдын 13-декабрында Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен өнүккөн май куюучу станциялар тармагына ээ болгон нефть трейдерлеринин ортосунда мунай продуктуларын сатуу рыногунда кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюлган. Документ күйүүчү майды туруктуу жеткирүүнү, анын баалык жана физикалык жеткиликтүүлүгүн камсыздоону, ошондой эле зарыл болгон күйүүчү май корун түзүүнү карайт.

Мекеменин маалыматына ылайык, нефть трейдерлери менен туруктуу негизде жумушчу жолугушуулар өткөрүлүп, анда күйүүчү май жеткирүү, баа саясаты, логистика жана күйүүчү-майлоочу материалдардын запасы боюнча маселелер талкууланат.

Мындан тышкары, Бишкек шаарындагы май куюучу станцияларда күйүүчү майдын чекене баасына күн сайын мониторинг жүргүзүлүп, ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү баалар менен салыштырма талдоо жасалууда.

Нефть трейдерлеринин маалыматы боюнча, учурда өлкөдөгү мунай продуктуларынын запасы ички муктаждыкты болжол менен 1–1,5 айга камсыздоого жетет.