Таш-Көмүр шаарында 30 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясынын курулушу башталды
4 декабрь

Таш-Көмүр шаарында 30 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясынын курулушу башталды

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев 3-декабрда Таш-Көмүр шаарында 11 гектар жер аянтын ээлеген, 30 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясынын курулуш иштерин баштап берди. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. 

Аталган объект Жалал-Абад облусунда алгач ирет ишке ашырылып жаткан ири күн электр энергетикалык долбоорлорунун бири болуп саналат.

Долбоор “GRK Solar Energ” компаниясы тарабынан жүзөгө ашырылууда. Долбоордун наркы 20 млн АКШ долларын түзөт.

Күн электр станциясы курулуп жаткан аймакта мурда көмүр шахталары жайгашкан. Учурда аталган жерлер толук калыбына келтирилип, өндүрүштүк жана коммерциялык пайдаланууга ылайыкташтырылган. Курулуш иштери экологиялык талаптар сакталган шартта, калыбына келтирилген аймактарда жүргүзүлүүдө.

Облус башчысы Тилек Текебаев бул долбоор энергетикалык көйгөйлөрдү чечүү менен катар, социалдык-экономикалык өнүгүүгө жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган комплекстүү чечим экендигин белгиледи.