Кеминде күн электр станциясы ишке кирет
15 декабрь

Кеминде күн электр станциясы ишке кирет

Кеминде 16-декабрда күн электр станциясы ишке кирет. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров, энергетика министри Таалайбек Ибраев, инвестор жана министрликке караштуу энергетикалык компаниялардын жетекчилери катышат.

Максаты: Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформанын жана тармакты өнүктүрүүгө багытталган пландардын алкагында, калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн кошумча кубаттуулукту көтөрүү багытында жаны күн электр станциясын ишке киргизүү.