Кыргызстанда 2025-жылы айыл чарба-өнөр жай комплекси боюнча 63 ишкана ачылган
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү алкагында республика аймагында айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана соода-логистикалык инфраструктура багытында 63 объект пайдаланууга берилди. Алардын катарында соода-логистикалык борборлор, дан өсүмдүктөрүн, мөмө-жемиш жана жашылча продукцияларын кайра иштетүүчү ишканалар, сүт азыктарын, эт, балык, жүн, өсүмдүк майын өндүрүүчү, ошондой эле органикалык өндүрүш объекттери бар.
Аталган долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжасында 2 707 жаңы жумуш орундары түзүлүп, бул аймактарды өнүктүрүүгө, калктын иш менен камсыз болуусун жогорулатууга жана агроөнөржай комплексинин өндүрүштүк потенциалын чыңдоого өбөлгө түздү.
Мындан тышкары, 2025-жылдын январь–ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча, республиканын жалпы өнөр жай көлөмүндө тамак-аш өндүрүшү ишканаларынын үлүшү 17,4% түздү. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, 2025-жылдын 11 айында агроөнөржай комплексинин ишканалары тарабынан тамак-аш азыктары 94,2 млрд сом өлчөмүндө өндүрүлдү (учурдагы бааларда). Физикалык көлөм индекси 127,8 %ды түзүп отурат.
Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейин өнүктүрүү программасын ишке ашыруу жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү мамлекеттик саясатындагы максаттуу багыттарды эске алуу менен 385 айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканаларды ишке берүү пландалууда, бул кайра иштетүүнүн деңгээлин 25% га жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Бул багытка салынуучу жалпы инвестиция көлөмү 20,96 млрд сомду түзөт.
2026-жылы 75 айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишкананы ишке берүү пландалууда, ал эми эсептерге ылайык, инвестиция көлөмү 9,1 млрд сомду түзөт. Министрлик белгиленген максаттуу көрсөткүчтөргө жетүү үчүн комплекстүү иштерди улантат.
