Кыргыз бал Кытай рыногуна чыгууда: 60 тонна табигый бал жеткирүү боюнча алдын ала келишимге кол коюлду
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин, Кытай Эл Республикасындагы Экономика жана соода министрлигинин өкүлчүлүгүнүн жана «Кыргыз Экспорт» борбору колдоосу менен кыргызстандык Dary Tyan-Shanya LTD компаниясы менен кытайлык Wuhan Yangluo Port Service Co., Ltd. компаниясынын ортосунда алдын ала келишимге кол коюлду.
Келишимге ылайык, кыргыз тарап Кытайга экологиялык жактан таза чийки заттан өндүрүлгөн 60 тонна табигый бал жеткирет. Продукция улуттук жана эл аралык сапат стандарттарына жооп берет жана Кыргызстандын айыл чарба секторунун негизги экспорттук товарларынын бири болуп саналат.
Бул келишимге кол коюу Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын жогорулатууда жана Кытай Эл Республикасы менен соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоодо маанилүү кадам болуп саналат. Келишимди ишке ашыруу кыргыз өндүрүүчүлөрүнө экспорт географиясын кеңейтүүгө жана өлкөнүн табигый, экологиялык жактан таза продукцияны ишенимдүү жеткирүүчү катары позициясын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
