КФ: Жыл башынан бери өлкөнүн ишкерлери дээрлик 263,6 миллион сомго насыя алышкан
Үстүбүздөгү жылдын башынан бери Кепилдик фонд өлкөнүн ишкерлерине 263,6 миллион сомдук кредиттик каражаттардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылып, 110,7 миллион сомдон ашык суммага 152 кепилдик берди.
«Кепилдик фонд» ААКсынын ишмердигинин артыкчылыктуу багыттары болуп айыл чарбасы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, өнөр жай, ипотека жана туризм сыяктуу тармактар калууда.
«Кепилдик фонд» ААКсы түзүлгөндөн бери 35 миллиард 275 миллион сом өлчөмүндө каржылоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу менен бизнести колдоону кеңейтти. Жалпысынан ишкерлер 11 миллиард 468 миллион сомдук 11 305 кепилдик алышкан.
Финансылык каражаттар өлкөнүн бардык аймактарында жана Бишкек, Ош шаарларында ишкерликти өнүктүрүүгө багытталган.
Төмөнкү телефондор аркылуу кепилдиктер жөнүндө көбүрөөк билүүгө жана кеңеш алууга болот: +996 (556) 62 53 79, +996 (554) 17 71 05, +996 (312) 62 53 79.
