www
18 июнь
Депутат 18 жаштан 21 жашка чейинки жаштарга керектөө кредитин берүүдө чектөө коюу керек дейт
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Улуттук банкты 18 жаштан 21 жаштагы кыргызстандыктарга керектөө кредит берүүгө кандайдыр бир чектөө коюуга чакырды. Бул тууралуу ал Улуттук банктын 2025-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчету угулуп жатканда билдирди.
Айтымында, жаштар Айфон, машина үчүн керектөө кредитин алышат жана бул ата-энелердин нааразычылыгын жаратууда.
“Жаштар Айфон, машинага керектөө кредитин алып жатышат. Мен муну жаман дебейм. Бирок алар алган каражатын убагында кайтара албай калышат. Анан ата-энелер бизге кайрылышат”, - деди депутат.
Улуттук банктын төрагасы Алмаз Бакетаев бул багытта иштеп жатышканын билдирди.
