200 миң кредиттин 10 миңи комиссияга кармалат: депутат Улуттук банктан коммерциялык банктарды текшерүүнү суранды
www
18 июнь

200 миң кредиттин 10 миңи комиссияга кармалат: депутат Улуттук банктан коммерциялык банктарды текшерүүнү суранды

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медина Кайрылбекова коммерциялык банктар аркылуу кредит алууда белгиленген сумманын кайсы бир бөлүгү комиссияга жана башка төлөмдөргө кармалып калаарын айтты. 

Депутат белгилегендей, ага бир катар жарандар кайрылган. 

“Сиздер коммерциялык банктардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөйсүздөрбү? Мисалы, жаран 200 миң сом кредит алса, андан камсыздандырууга жана комиссияга кармалып, 190 миңи жарандын колуна тиет эжкен. Бул негиздүүбү?” – деп сурады Улуттук банктын төрагасы Алмаз Бакетаевден. 

Бакетаев “ар бир банктын өзүнүн саясаты бардыгын жана Улуттук банк ага түздөн түз таасир эте албашын” билдирди.

Ошондой эле мамлекеттик банктар аркылуу кредит алынганда деле аталган төлөмдөр төлөнөрүн, бирок коммерциялык банктардыкына караганда азыраак болоорун кошумчалады. 

“200 миң кредит алган жаран керектөөсүн ошого жараша эсептейт да. Анан он миңи кармалып жатса... Балким текшерүү жүргүзүп, арзандатып берээрсиздер? Мамлекеттик банктардан, мисалы Элдик банктан кредит алуунун жол-жобосу оор экен, ошого тезирээк болсун деп коммерциялык банктардан алып жатабыз деп жатышат”, - деди Кайрылбекова. 

Бакетаев бул жаатта коммерциялык банктарга чектөө киргизүүгө болоорун билдирди.