Кыргызстанда 81 миң гектар жерге күздүк эгин айдалды
10 ноябрь

Кыргызстанда 81 миң гектар жерге күздүк эгин айдалды

2026-жылдагы түшүм үчүн республиканын аймагында күздүк эгиндерди айдоо жалпы 250 миң гектар аянтка пландалган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 10-ноябрына карата бул пландын ичинен 81 миң 640 гектар аянтта күздүк эгиндер айдалып, жалпы иштердин 33 пайызы аткарылды.

Күздүк эгиндердин негизги түрлөрүн күздүк буудай жана арпа түзөт. Айдоо иштери учурда бардык аймактарда жүрүп жатат. Айыл чарба техникалары жана үрөн материалдары толук көлөмдө тартылып, жер иштетүү иштери оптималдуу агротехникалык мөөнөттөрдө аткарылууда.

Облус боюнча көрсөткүчтөр төмөнкүдөй:

  • Ош облусу — 20%
  • Баткен облусу — 23%
  • Жалал-Абад облусу — 18%
  • Талас облусу — 32%
  • Чүй жана Ысык-Көл облустары — 42%

Күздүк эгиндерди себүү иштери ноябрь айынын аягына чейин толук аякташы күтүлүүдө.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан жергиликтүү бийлик органдары жана дыйкандар менен биргеликте себүү сапатына, жердин нымдуулук режимине жана агротехникалык талаптардын сакталышына өзгөчө көңүл бурулууда.