Аймактардын инфраструктурасы бекемделүүдө: 186 МТСте 4000 техника бар
3 декабрь

Аймактардын инфраструктурасы бекемделүүдө: 186 МТСте 4000 техника бар

Учурда Кыргызстандын аймактарындагы МТСтердин карамагында 4000ге жакын айыл чарба техникасы бар. Ал техникалар республика боюнча түзүлгөн 186 МТСке таандык. Анын ичинен 63ү муниципалдык, 123ү жеке менчик болуп саналат.

Белгилей кетсек, машина-трактордук станциялар Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин демилгеси жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосу менен түзүлгөн.

Бул демилге - айылдык товар өндүрүүчүлөргө өз маалында сапаттуу механизациялык кызмат көрсөтүү, лизингдин өнүгүүсүнө жагымдуу шарттарды түзүү, машина-трактордук паркты модернизациялоо жана жаңылоо максатында ишке ашырылган.

Бул боюнча 2016-жылдын 17-мартында №107-б буйрук кабыл алынган. Ага ылайык, аймактарда агротехникалык кызмат көрсөтүүчү машина-трактордук станцияларды (МТС) уюштуруу башталган.

Аймактар боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй:

Нарын – 30, Ысык-Көл – 33, Ош – 19, Баткен – 12, Чүй – 39, Талас – 25, Жалал-Абад – 27.