ЕАЭБ өлкөлөрү менен Индиянын ортосундагы соода жүгүртүү $69 млрд түздү
2024-жылы ЕАЭБ өлкөлөрү менен Индиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 69 млрд долларды түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 7% өстү. Бул көрсөткүчтөр ЕАЭБ менен Индиянын ортосунда эркин соода боюнча келишим түзүлгөндөн кийин дагы да көбөйөрү күтүлүүдө.
ЕЭКтин Соода боюнча министри Андрей Слепнев ЕАЭБ менен Индия Республикасынын ортосунда эркин соода боюнча келишим түзүү боюнча сүйлөшүүчү топтордун жетекчилерин кабыл алды. Алар – ЕЭКтин Соода саясаты департаментинин директорунун орун басары Михаил Черекаев жана Индия Республикасынын Соода жана өнөр жай министрлигинин Соода департаментиндеги кошумча катчы Шри Аджай Баду.
«ЕАЭБ менен Индиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн акыркы бир нече жыл ичинде олуттуу түрдө өсүп жатканын канааттануу менен белгилеп жатабыз. Биз мындан ары да соода көлөмүнүн көбөйүшүнө жана тармактык кызматташуунун чыңдалышына, анын ичинде «Түндүк – Түштүк» экономикалык коридорун пайдалануу аркылуу жетишүүгө үмүттөнөбүз», – деди А. Слепнев.
