Товарларды легализациялоо. Кандай шартта жүргүзүлөт? 
12 март

Товарларды легализациялоо. Кандай шартта жүргүзүлөт? 

Кыргызстанда 1-апрелге чейин ишкерлерге товарларын легалдаштырууга мүмкүнчүлүк берилди. Бул убакыт ичинде аталган процедурадан өтпөгөн субъектилерди кандай чаралар күтөт? Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын ыкчам контролдоо башкармалыгынын башчысы Сейит Турдумбетов Биринчи радионун түз эфиринде билдирди. 

«Ишкерлердин суранычынан улам товарларды легалдаштырууга мүмкүнчүлүк берип, салык мыйзамдарына өзгөртүү киргиздик. Анын эки жолу бар: биринчиси, ири ишкерлер эсеп фактура системасы аркылуу бир гана жолу өзүнүн наамына ЭЭФ толтурат. Экинчиси, бирдиктүү салыкта отурган кичи бизнеске: дүкөн иштеткендерге, базардагы сатуучуларга тийиштүү. Алар кол менен эле кагазга товарларын жазып Салык кызматына алып келип, ал жактан мөөр бастырышат. Ошону менен товар легалдашат», – деди Турдумбетов. 

Айтымында, бул буга чейин эсеп фактура жазылбаган, документи жок товарлар көп болгон. Анын баарын документтештирүү максатында легалдаштыруу ыкмасы каралды. Товарларын легалдаштыруу процесси үчүн ишкерден салык алынбайт. Турдумбетов белгилегендей, аналитика жалпы товарлардын 30 пайызы жүгүртүүдө документсиз жүргөнүн аныктаган. А эгерде ишкер 1-апрелге чейин товарларын легалдаштырууга үлгүрбөй калса кандай болот? Бул суроого башкармалыктын башчысы мындай жооп берди: 

«Легалдаштыруу ыктыярдуу түрдө жүргүзүлүп жатат. Эгерде 1-апрелге чейин өтүшпөсө, анда документи жок товарларга 5 пайыз санкция каралат». 

Ал белгилегендей, кичи бизнес легалдаштыруу процессинен төмөнкүдөй жол менен өтөт: ишкер өзүнүн жеке идентификациялык номерин (ИИН) жазат, андан соң товарларынын аталышын, санын (мисалы, 25 даана), суммасын көрсөтөт, аягында колун коет дагы, Мамлекеттик салык кызматына алып келет. Ал жактан кабыл алынды деген мөөр басылат.