Пакистан тараптан Кыргыз-Пакистан Ишкер Кеңешинин түзүлгөндүгү тууралуу маалымат
28-жылдын 2025-февралында, Исламабад шаарында, Пакистан Ислам Республикасынын Соода-өнөр жай палатасында, анын президенти Атиф Икрам Шейх мырзанын төрагалыгы астында, Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Авазбек Атахановдун катышуусу менен эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палатасынын колдоосу астында өз ишин жүзөгө ашыра турган кыргыз-пакистан Ишкер кеңешинин түзүлгөн Пакистан бөлүгүнүн биринчи жыйыны болуп өттү.
Өзүнүн саламдашуу сөзүндө Элчи А.Атаханов эки өлкөнүн өз ара кызматташуу үчүн болгон зор дараметин баса белгилеп, ПИРнын Соода-өнөр жай палатасын бул маанилүү окуя менен куттуктады жана катышуучуларды үстүбүздөгү жылга пландаштырылган кыргыз-пакистан иш-чаралары жөнүндө маалымдады, Кыргызстан менен Пакистандын бизнес-коомчулугу эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүүгө активдүү салым кошот деген ишенимин билдирди. Ошондой эле белгиленгендей, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча эки өлкө ортосундагы өз ара товар жүгүртүү 16 млн. АКШ долларын түздү, бул кыргыз-пакистан кызыкчылыктарына жооп бербейт. Жыйындын катышуучулары айыл чарба, текстиль өнөр жайы, энергетика, транспорт жана туризм тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин талкуулашты.
Элчи Атаханов ошондой эле Кытай-Пакистан экономикалык коридорунун алкагында долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи, анткени бул долбоор Кыргызстанга Кытай аркылуу Пакистандын Карачи портуна чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Өз кезегинде, пакистандык ишкерлер эки өлкөнүн ишкердик коомчулугу ортосунда туруктуу соода байланыштарын түзүү жана биргелешкен демилгелерди колдоо маселесинин маанилүүлүгүн белгилешти, бул болсо өз кезегинде эки өлкөнүн ортосундагы сооданы жандандырууга жакшы сигнал болот.
Ошондой эле эки өлкөнүн инвесторлору жана ишкерлери үчүн сооданы жөнөкөйлөтүү жана бизнес-климатты жакшыртуу механизмдери боюнча пикир алмашуу болду. Тараптар Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы экономикалык байланыштарды олуттуу чыңдай ала турган конкреттүү бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мындан аркы жолугушуулар жана биргелешкен иштер жөнүндө макулдашышты.
Жыйынтыгында Элчи Авазбек Атаханов Пакистандын Соода-өнөр жай палатасынын президентин сүйлөшүүлөрдү улантуу жана эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу жолдорун талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасына келип кетүүгө чакырды.
