Кыргыз банктарына салынган санкция. Садыр Жапаров Трамп менен Стармерге кайрылды
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров "Керемет банк” менен “Капитал банкына” АКШ жана Улуу Британия салган санкциялар тууралуу үн катты. Мамлекет башычысынын маегин мамлекеттик "Кабар" агенттиги бүгүн, 21-августта жарыялады.
Эсе салсак, АКШ ""Керемет банк" санкцияларды кыйгап өтүшү мүмкүн" деген жүйөө менен аталган банкка карата санкция киргизген.
Садыр Жапаровдун айтымына карасак, санкцияларды кыйгап өткөн бир дагы факты көрсөтө алышкан эмес.
"Көрсөтө да алышпайт эле. Себеби санкцияларды кыйгап өткөн бир факты жок эле. Азыр деле жок. Бизде бүгүнкү күндө 21 банк иштейт. Ошол санкцияларды кыйгап өткөн банктар болуп калып бардык банктарыбыз санкцияга кирип калбасын деп бир гана мамлекеттик “Керемет Банк" рубль менен иштесин, бардык операцияларды мамлекет өзүбүз көзөмөлдөп туралы, кирешеси да мамлекеттик казынага түшсүн деп рублди “Керемет банкка” байлаганбыз", - деди.
Президент азыр деле “Капитал банк” таза кирешени толугу менен мамлекетке төгүп жаткандыгын кошумчалады.
"Америка санкция салгандан кийин министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Американын биздеги элчиси Лессли Вигерини чакырып алып бул эмне кылганыңар деп баарлашкан. Ал OFAC (ОФАК - чет элдик активдерди көзөмөлдөө боюнча башкармалык) билет деп кутулган. Амангелдиев баштаган делегация Америкага ОФАКка чейин барып жолугуп келишкен", - деди президент.
Ал өз сөзүндө каранды эмес аудитордук компаниялар “Керемет” жана “Капитал” банктарды текшерсин деп, Вигериге сунуш берилгендиги, бирок ал баш тарткандыгын баса белгиледи.
"Алар да бир факт бере алышкан эмес. Жөн гана бизде ошондой маалыматтар бар деп кутулушкан. Ал маалыматтарын биз жакшы билебиз. Бул жакта олтурган НПОчулар менен биздин ички душмандар анонимдүү жалган маалыматтарды жиберишкен. Азыр да жиберип турушат.
Анан ошол жалган маалыматтарга таянып санкцияга киргизип коюшкан. Бирок ал маалыматтарын да көрсөтө алышкан эмес. Анан биздин делегация ОФАК менен да Американын биздеги элчиси Лессли Вигери менен да акылдашып, рубль менен “Капитал Банк” иш алып барсын, бул дагы 100 пайыз мамлекеттик банк, Финансы министрлиги көзөмөлдөйт, ачык отчет берип турат деп рублди “Капитал Банкка” байлаганбыз. Себебин жакшынакай түшүндүргөнбүз.
Россияда биздин миллионго жакын мигранттар бар. Алар бул жакка күнүгө миллиарддаган рубль которушат. Аларды конвертация кылып берип турушубуз керек деп.
Эми минтип дал эле “Керемет Банкка” Америка санкция салгандай “Капитал Банкка” да Англия санкция салып жатат. Эч бир далил да көрсөтө алышкан жок. Баягы эле күмөн саноо. Ушундан улам мага дагы күмөн саноо ой келет. Кыргызстандын экономикасы жогорку темп менен өсүп жатканын көрүп, билип турушат да. Мисалы ИДПбыз 11, 7 пайызга чейин өсүп, КМШ өлкөлөрүнүн алдында бара жатабыз. Ушундан улам биздин үстүбүздөн басым жасоо иш-аракеттерин кылып жатышат деп ойлойм. Үлкөн мамлекеттер башка мамлекеттердин тез өнүгүп кетишин каалабайт эмеспи. Баары алардын көзүн карап, сурамчыланып жүргөнүн эле каалашат да.
Ошондуктан мен бул өлкөлөрдүн жогорку жетекчилери, Дональд Трампка жана Кир Стармерге кайрылат элем. Балким, аларга маалымат жетпей жатат.
Экономиканы саясатташтырбагыла. Биз көп векторлуу саясат жүргүзүп келе жатабыз. Силер менен да экономикалык жактан кызматташуудабыз. Мисалы, Англия мамлекетине эле жылына миллиард долларга алтын сатабыз. Анан мындай бизге кылган мамилеңер адилеттүүлүккө жатпайт. Ошондуктан ишенбесеңер ошол маалыматтарыңарды көтөрүп алып келгиле бизге. Банк бардык маалыматтарды ачык көрсөтүп бергенге даяр", - деди.
