Элчи Кубанычбек Боконтаев Россиянын өнөр-жайчылар жана ишкерлер союзунун президенти Александр Шохин менен жолукту
28 февраль

Элчи Кубанычбек Боконтаев Россиянын өнөр-жайчылар жана ишкерлер союзунун президенти Александр Шохин менен жолукту

2025-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Боконтаев Россиянын эң ири бизнес ассоциациясы болгон Россиянын өнөр-жайчылар жана ишкерлер союзунун Президенти Александр Шохин менен жолугушуп,  анын жүрүшүндө кыргыз-россия ишкердик кызматташуусунун абалын жана келечегин талкууланды.

Жолугушууда Элчи К. Боконтаев Кыргызстанда акыркы жылдары жүргүзүлүп жаткан масштабдуу реформалар, анын ичинде стратегиялык активдерди мамлекеттик менчикке кайтаруу, санариптештирүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча активдүү аракеттер жана бир катар ири инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышы жөнүндө маалымат берди. Кыргыз Республикасынын маанилүү стратегиялык өнөктөшү катары Россиянын өзгөчө ролун белгилеп, Элчи К. Боконтаев Кыргыз Республикасы россиялык инвестицияларга ачык экендигин, ак ниет инвесторлордун демилгелерин жана долбоорлорун толук колдоого даяр экендигин билдирип, А.Шохинди Россиянын өнөр-жайчылар жана ишкерлер союзунун ишкерлер чөйрөсүнүн атайын бизнес-миссиясы менен Кыргыз Республикасына келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде, Россиянын өнөр-жайчылар жана ишкерлер союзунун Башчысы А.Шохин россиялык бизнес чөйрөлөрүнүн Кыргызстанга болгон “зор кызыгуусун" белгилеп бул кызыгуунун өсүп жаткандыгынын себептерине токтолду. Булар - эки тараптуу ишкердик иш-чаралардын көптүгүнөн, чет элдик, анын ичинде россиялык капитал үчүн түзүлгөн ыңгайлуу шарттардан, ЕАЭБдин алкагындагы интеграциялык процесстерден улам болуп жаткандыгын белгиледи.

Россиянын өнөр-жайчылар жана ишкерлер союзу менен өз ара өнөктөш болгон Кыргызстандын өнөр-жайчылар жана ишкерлер союзунун ортосундагы активдүү өз ара аракеттенүүсү тууралуу маалымдап, А.Шохин, эки өлкөнүн ишкердик чөйрөлөрүнүн эки тараптуу соода-экономикалык жана кооперациялык-инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча гана эмес, ЕАЭБдин Ишкердик кеңешинин аянтчасында да көп тараптуу форматтагы өз ара аракеттенүүнү ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишке кызыкдар экендигин билдирди.

Россиянын миграциялык мыйзамдарындагы акыркы өзгөрүүлөр процессине токтолуп, Кыргызстандын ЕАЭБне мүчөлүгүн жана өлкөдө Баш мыйзамында орус тилинин расмий тил катары бекитилген статусун өзгөчө белгилеп, Россиянын өнөр-жайчылар жана ишкерлер союзунун Башчысы А.Шохин Россиялык ишканалардын Кыргызстандын эмгек ресурстарына кызыкдар экенин билдирип кетти. Россияда миграциялык мыйзамдардын ишке ашырылышында ЕАЭБдин, анын ичинде Кыргызстандын, жарандары үчүн каралган артыкчылыктуу шарттарды сактоонун маанилүүлүгүн баса белгилеген Элчи К. Боконтаев, Россиянын өнөр-жайчылар жана ишкерлер союзун бийликтин, коомдун жана ишкердиктин кызыкчылыгын колдогон абройлуу ишкердик бирикме катары бул багытта керектүү күч-аракеттерди көрүүгө чакырды.

Жолугушуунун соңунда тараптар 2025-жылга биргелешкен иш-аракеттердин пландарын талкуулап, Кыргыз-Россия мамилелерин мындан ары өнүктүрүү максатында эки өлкөнүн ишкердик чөйрөлөрүнүн көп кырдуу кызматташуусун күчөтүү үчүн Элчилик менен Россиянын өнөр-жайчылар жана ишкерлер союзунун ортосундагы тыгыз өз ара аракеттенүүсүн улантууга макулдашышты.

Маалымат иретинде: Росссиянын өнөр-жайчылар жана ишкерлер союзу (РӨИС) - бул Россиянын бардык аймактарындагы миңдеген компанияларды жана жүздөгөн тармактык жана аймактык бирикмелерди камтыган улуттук ишкердик бирикме. Ал машина куруу, инвестициялык-банк чөйрөсү, жанар-жагуучу энергетикалык комплекс, ошондой эле курулуш, химиялык өндүрүш, жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, тейлөө чөйрөсү, ошондой эле Россиянын бардык аймактарындагы ири өнөр жай, илимий, финансылык уюмдарды камтыйт.

РӨИСтин ишмердүүлүгү, Россиянын эң таасирдүү коомдук ишкердик бирикмеси катары, Россиянын ишкерлери жана өнөр-жайчыларынын күч-аракеттерин бизнес чөйрөсүн жакшыртууга, Россиядагы жана дүйнөдөгү россия ишкердигинин статусун жогорулатууга, коом, бийлик жана ишкердиктин кызыкчылыктарынын теңдигин сактоого багытталган.