Кытайда кыргыз-кытай бизнес кызматташтыгы жөнүндөгү презентация өттү
Кытайдын Фошань шаарында кыргыз-кытай бизнес кызматташтыгы жөнүндөгү презентация өттү. Бул тууралуу КР СӨПтүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, Фошань шаарындагы Эл аралык соода палатасынын (CCOIC) чакыруусу менен кыргыз тараптын Фошан шаарындагы өкүлү Токтобек Акматов менен бирге мебель жана светотехника өндүргөн ири ишканаларга барды.
Жолугушуулардын жүрүшүндө кытай ишкерлерине Кыргызстандын инвестициялык климатын, салыктык жеңилдиктерди, транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү жана өндүрүштү жайгаштыруу үчүн түзүлүп жаткан шарттарды тааныштыруу уюштурулду.
Ишкерлер эки тараптуу кызматташтыкка, экспорттук-импорттук операцияларды кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыгарын билдиришти. Тараптар тике байланыш орнотуп, Кыргызстандын аймагында мебель жана жарык берүү жабдууларын чыгаруу боюнча пландарды талкуулашты.
Бул сапар кыргыз-кытай бизнес диалогуна жаңы дем берип, инвестициялык байланыштарды бекемдөөгө багытталды.
