МСК салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин окутуудан өткөрдү
Салык кызматы салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин окутуудан өткөрдү.
Ведомстводон кабарлашкандай, окутууда төмөнкүлөр каралды:
эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен бирдиктүү терезелерде тейлөө,
камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу,
ЭЭФ системасы, маалыматтарды берүү функциясы бар ККМ,
карызды өндүрүү,
салык төлөөчүлөрдү каттоо.
"Суроо–жооп" сессиялары иштерди талкуулоого жардам берди.
Мындай тренингдер Салык кызматынын кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жана салык төлөөчүлөр үчүн кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган.
