Кепилдик фонд лизингди колдоо боюнча жаңы инструменттерди сунуштады: «Ижара» жана «Ижара плюс»
3 декабрь

Кепилдик фонд лизингди колдоо боюнча жаңы инструменттерди сунуштады: «Ижара» жана «Ижара плюс»

«Кепилдик фонд» ААКсынын өлкө боюнча ишкерлердин каржылоого болгон жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган продукттардын линейкасын мындан ары да толуктап, керектүү каржыны алуу процессин жөнөкөй, ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылууда.

Лизингдик инструменттерди өнүктүрүү алкагында айыл чарба жана атайын техника парктарын жаңылоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган эки жаңы кепилдик продуктысы — «Ижара» жана «Ижара плюс» сунушталды.

Бүгүнкү күндө лизинг өндүрүштү модернизациялоонун натыйжалуу жана жеткиликтүү механизмдеринин бири болуп саналат. Бирок көпчүлүк ишкерлер үчүн алдын ала төлөмдүн зарылдыгы олуттуу тоскоолдук жаратып келет. Жаңы продукттар ушул маселени жеңилдетүүгө багытталган:

  • «Ижара» — лизинг предметинин баасынын 20% чейин кепилдик менен жабат;
  • «Ижара плюс» — лизинг боюнча алдын ала төлөмдүн 30% чейин жаап берет.

Бул инструменттердин аркасында ишкерлерде өз каражаттарынын жетишсиздиги болсо да, заманбап техника жана жабдууларды лизинг аркылуу алуу мүмкүнчүлүгү кеңейет.