Бажы төлөмдөрүн төлөө жеңилдеди: кезектин ордуна – QR-код
2 ноябрь

Бажы төлөмдөрүн төлөө жеңилдеди: кезектин ордуна – QR-код

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет: тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары эми банктын кассасына барбастан, каалаган убакта QR-код аркылуу төлөй алышат.

Бул ыкма кезек күтүүдөн арылтып, тариздөө процессин тездетип, ишкерлердин убактысын үнөмдөйт.

QR код аркылуу төлөмдөр киргизилгенден бери 34 млн сомдон ашык сумма төлөндү.

Жаңы кызмат «Элдик Банк» ААК менен биргеликте ишке ашырылып, QR-кодду www.customs.kg сайтынан же бажы постторундагы «Элдик Банк» өкүлдөрүнөн алууга болот.

Мамлекеттик бажы кызматы ишкерлер үчүн кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган санариптик чечимдерди улантууда.