Уч-Коргон айыл аймагында мөмө-жемиштерди кайра иштетүү цехи жана 100 тонналык муздакыч кампасы ишке кирди
22 ноябрь

Уч-Коргон айыл аймагында мөмө-жемиштерди кайра иштетүү цехи жана 100 тонналык муздакыч кампасы ишке кирди

Кадамжай районунун Уч-Коргон айыл аймагындагы Калача айылында “Интерфрут” ЖЧК 2017–2019-жылдары айыл чарба өнөр жайын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү долбоорлорду ишке ашырды.

Кургатылган мөмө-жемиштерди кайра иштетүү цехинин курулушу 2017-жылы башталып, 2018-жылдын июнунда КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда расмий ачылган. Долбоор ЮСАИДдин “Агрогоризонт” программасы тарабынан колдоого алынган.

Ишкананын жалпы наркы 16,65 млн сом, анын ичинде:

• I этап – кайра иштетүү цехи (14 млн сом)

• II этап – муздаткыч камера (2,65 млн сом)

Цех мурунку МТП кампасынын базасында кайра жабдылып, Түркиядан алып келинген жабдуулар орнотулган. Ишкананын жалпы аянты 0,25 га, имараттын пайдалуу аянты 900 м², күнүмдүк кубаттуулугу 2,4 тонна. Толук иштөө режиминде 30 адам жумуш менен камсыздалат.

2019-жылы “Интерфрут” ЖЧК тарабынан сыйымдуулугу 100 тонна болгон жемиш сактоочу муздаткыч кампаны куруу боюнча 91 миң АКШ долларлык долбоор ишке ашырылган. Анын ичинен 40 450 доллар ЮСАИД тарабынан каржыланып, калган бөлүгүн компания өзү бөлгөн. Кампанын курулушу 1-июлда аяктап, 30-июлда салтанаттуу ачылышы өткөрүлгөн.

«Интерфрут» ишканасы компот аралашмасын (компотная смесь) каалаган көлөмдө даярдап берүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди. Ошондуктан жогорку тиешелүү органдар аркылуу ААК “Кыргыз Агрохолдинг” менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, “Интерфрут” тарабынан даярдалган продукцияны сатып алуу мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталды.