Кыргызстанда күздүк буудайдын жаңы сортторун чыгарууга арналган биринчи гибриддештирүү питомниги негизделди
29 октябрь

Кыргызстанда күздүк буудайдын жаңы сортторун чыгарууга арналган биринчи гибриддештирүү питомниги негизделди

Бүгүн, 29-октябрда, Кыргызстандын айыл чарба тармагында тарыхый окуя болду – өлкөдө күздүк буудайдын жаңы сортторун чыгарууга багытталган гибриддештирүү питомниги негизделди. Бул долбоор улуттук селекциянын өнүгүүсүндө маанилүү кадам болуп саналат.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти, Кыргыз айыл чарба илим-изилдөө институту, ошондой эле Россия Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, айыл чарба илимдеринин доктору, башкы илимий кызматкер Александр Боровик биргелешип уюштурушту.

Бул аракеттер Россия Федерациясынын Краснодар крайындагы П. П. Лукьяненко атындагы Улуттук дан борбору менен кызматташтыктын алкагында ишке ашырылууда. Анын алкагында Кыргызстанга Россиядан 8 жаңы сорт күздүк буудай, 1 сорт күздүк тритикале жана 1 сорт күздүк арпа алынып келинди. Бул сорттор келечектеги гибриддештирүү иштеринин негизин түзөт.

«Питомниктин түзүлүшү жергиликтүү дыйкандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Жүргүзүлгөн селекциялык иштердин жыйынтыгында өзгөрүп жаткан климаттык шарттарга жана жергиликтүү топурактын өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташкан жаңы кыргыз күздүк буудай сорттору чыгарылат.

Бул – өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого, түшүмдүүлүктү жогорулатууга жана агрардык технологиялар жаатындагы илимий потенциалды өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам», – деди Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин директору Бакыт Мамбетов.

«Бүгүн биз кыргыз селекциясынын келечегине пайдубал түптөп жатабыз. Жаңы сорттор туруктуу, түшүмдүү жана өлкөнүн табигый-климаттык шарттарына эң ылайыктуу болот», – деп белгиледи Александр Боровик.

Бул демилге Кыргызстанда айыл чарба илиминин жана практикалык дыйканчылыктын өнүгүүсүндө жаңы этаптын башталышы болуп саналат.