Ошто Дүйнөлүк банктын каржылоосунда ири энергетикалык долбоор ишке ашырылат
Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча (KRED) долбоорунун I фазанын алкагында Энергетика министрлиги тарабынан Ош облусунда ири энергетикалык долбоор ишке ашырылууда. Долбоордун негизги максаты - электр энергиясына болгон керектөөнүн жыл сайын өсүшүнө байланыштуу аймактагы электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатуу.
Долбоордун алкагында 220/110/10 кВ “Исанов” көмөк чордону, ошондой эле 220 кВ жана 110 кВ жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары Ош облусунун Өзгөн районунун аймагына курулат.
Учурда долбоордук жана тендердик документтерди даярдоо иштери жүрүп жатат. Ошондой эле 110 кВ аба чубалгыларынын алдын ала маршруттары жана “Исанов” көмөк чордонунун долбоордук чечимдери иштелип чыккан. Мындан тышкары, долбоорду ишке ашыруу үчүн керектүү техникалык маалыматтарды чогултуу иштери жүргүзүлүүдө.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан ишке ашырылууда. Каржылоо Дүйнөлүк банк тарабынан жүргүзүлүүсү күтүлүүдө.
Тендердик документтерди даярдоо, тендер процессин коштоо жана курулуш иштерине техникалык көзөмөл жүргүзүү боюнча 2025-жылдын 3-сентябрында Ирандын “Monenco Iran Consulting Engineers” компаниясы менен келишим түзүлгөн. Кийинчерээк келишимге өзгөртүүлөр киргизилип, ал 2025-жылдын 27-ноябрында күчүнө кирген.
Мындан тышкары, долбоордун экологиялык жана социалдык коопсуздук документтерин даярдоо боюнча Испаниянын “MERCADOS ARIES INTERNATIONAL, S.A.” компаниясы тартылган. Учурда компания тарабынан айлана-чөйрөгө тийгизе турган таасирди баалоо боюнча отчеттор даярдалууда.
Долбоор ишке ашкандан кийин Ош облусунда электр энергиясынын сапаты жана туруктуулугу жакшырат. Тактап айтканда Облус аймагындагы жаңы курулуп жаткан мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн жана мекеме ишканалардын, завод фабрикаларды үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөт.
Азыркы учурда долбоорлоо жана тендердик документтерди даярдоо иштери уланууда. Курулуш иштеринин так мөөнөтү жана пайдаланууга берүү датасы кошумча аныкталат.
