Эгемендиктин 35 жылдыгына арналган алтын коллекциялык тыйын жүгүртүүгө чыгарылды
3 август

Эгемендиктин 35 жылдыгына арналган алтын коллекциялык тыйын жүгүртүүгө чыгарылды

Улуттук банк 2026-жылдын 3-августунан тартып «Тарыхый окуялар» сериясындагы «Эгемен Кыргыз Республикасына 35 жыл» алтын коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат.

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү – бул мамлекетибиздин башкы майрамы, ал жыл сайын 31-августта белгиленет. Бул күн кыргыз элинин эркиндигин, эгемендигин жана улуттук биримдигин түшүндүрөт.

«Эгемен Кыргыз Республикасына 35 жыл» коллекциялык монетасы Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

Ар бир коллекциялык монета акрил капсуласына салынып, сапат сертификаты менен бирге өзүнчө кутучага жайгаштырылган.

Коллекциялык монетаны Улуттук банктын мекемелеринин кассаларынан сатып алууга болот. Баасы 99 460,00 сом.