Быйыл Кыргызстан боюнча агроөнөр жай комплексинде 55 жаңы ишкана ачылат
28 февраль

Быйыл Кыргызстан боюнча агроөнөр жай комплексинде 55 жаңы ишкана ачылат

2025-жылы Кыргызстанда экспорттук инфраструктура жана кайра иштетүү өнөр жайы тармагында 55 жаңы объект ишке берилет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, аны каржылоо үчүн жалпысынан республикалык бюджеттен жана чет элдик инвестициялык каражаттарды тартуунун эсебинен 33 млрд 196 млн сом сарпталаары пландалган.

 Алардын ичинен:

  • 13 соода-логистикалык борборлор жана кампалар;
  • 6 этти кайра иштетүү жаатындагы ишканалар;
  •  6 балык өндүрүүчү жана кайра иштетүүчү ишкана;
  • 11 жашылча-жемиштерди кайра иштетүү ишкана;
  • 1 жер семирткичтерди чыгаруучу завод;
  • 1 тамеки заводу;
  • 4 данды кайра иштетүү жана кондитердик азыктарды өндүрүү ишканалары;
  • 3 жүндү жана пахтаны кайра иштетүүчү ишкана;
  • 3 май сыгуучу цех;
  • 5 сүттү кайра иштетүүчү ишкана;
  • 2 карантиндик фитосанитардык лаборатория.