Кыргызстанда жаңы технологияларды туура пайдалануу менен жылына эки жолу түшүм алса болот
28 февраль

Кыргызстанда жаңы технологияларды туура пайдалануу менен жылына эки жолу түшүм алса болот

Бишкект"Азе ык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда өсүмдүк селекциясынын жана үрөнчүлүк өсүмдүктөрүнүн ролу" темасында эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты. 

Конференцияга Россия, Казакстан ж.б бир катар өлкөлөрдүн илимий өкүлдөрү катышып, учурдагы климаттык шарттарда айыл чарбасындагы жаңы ыкмаларды кеңири жайылтуу, колдонуу шарттары талкууланды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев өз сөзүндө Кыргызстанда климаттык өзгөрүүлөр байкалып, климаттын кескин континенталдык болушу, кеч жазда кайталануучу үшүктөрдүн улам кайталанышы дыйкандарга олуттуу зыян алып келип жаткандыгын белгиледи.

“Айдоо жерлеринин чоң аянттары орто тоолуу, деңиз деңгээлинен 1200 м бийиктикте жайгашкан. Ошол эле учурда талаа чарбачылыгынын кирешесин жогорулатууда интенсивдүү айыл чарба технологияларына өтүү зарыл. Кыргызстандын Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Чүй облустарында өсүмдүк өстүрүүдө жаңы технологияларды туура пайдалануу менен жылына эки түшүм алууга толук кандуу өтүү зарыл. Кыргызстанда сугат суунун жеткиликтүүлүгү жана күнөстүү күндөрдүн санын эске алганда бул жагдайды өсүмдүк өстүрүүдө жана багбанчылыкты өнүктүрүүдө атаандаштыктын артыкчылыгы катары баалоо керек, - деп билдирди Төрөбаев.