Бакыт Сыдыков Кытай Эл Республикасынын өнөр жай жана маалыматташтыруу министринин орун басары Синь Гобинь менен жолугушту
Чолпон-Ата шаарында өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин өнөр жай министрлеринин IV кеңешмесинин алкагында экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Кытай Эл Республикасынын өнөр жай жана маалыматташтыруу министринин орун басары Синь Гобинь менен жолугушуу өткөрдү.
Тараптар кыргыз-кытай соода-экономикалык жана өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүү, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү, инновациялык технологияларды жайылтуу жана логистикалык байланыштарды чыңдоо маселелерин талкуулашты.
Бакыт Сыдыков кытайлык өнөктөштөрдүн өнөр жайды өнүктүрүү, санариптештирүү жана маалыматташтыруу жаатындагы тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Өз кезегинде Синь Гобинь Кыргызстан тарабынан ШКУдагы төрагалыктын алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилеп, өнөр жай тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдирди.
Ошондой эле кытай тарап Кыргызстандын демилгеси менен сунушталган ШКУга мүчө мамлекеттердин Бириккен текстиль кластерин түзүү боюнча макулдашуунун долбоорун деталдуу кароону баштаганын маалымдады.
