Энергетика министрлиги: Кара-Көл ГЭСи штаттык режимде иштеп жатат
Энергетика министрлиги
17 март

Энергетика министрлиги: Кара-Көл ГЭСи штаттык режимде иштеп жатат

Өлкөнүн энергетикалык потенциалын чыңдоо жана энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүүгө жана чакан ГЭСтерди курууга өзгөчө көңүл бурууда.

Бул иштердин алкагында 2025-жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусунда ишке берилген Кара-Көл ГЭСи штаттык режимде иштеп, электр энергиясын туруктуу өндүрүп жатат. Станция пайдаланууга берилгенден тарта жалпысынан 22 млн. 702 миң кВт.саат электр энергиясын өндүргөн, анын ичинде:

  • 2025-жылы — 10 млн 289 миң кВт.саат;
  • 2026-жылы — 12 млн 413 миң кВт.саат.

Эске салсак, долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизминин алкагында «Чакан ГЭС» ААКнын катышуусу менен ишке ашырылган.

Станциянын орнотулган кубаттуулугу 18 МВтты түзөт, ал эми электр энергиясын орточо жылдык өндүрүү көлөмү 110 млн. кВт.саат деп болжолдонууда.

Мындай долбоорлорду ишке ашыруу өлкөнүн генерациялык кубаттуулугун көбөйтүүгө, гидроэнергетикалык потенциалды натыйжалуу пайдаланууга жана калкты электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.