Мирлан Рахманов Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды
Мирлан Рахманов Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.
Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Маалыматка ылайык, 28-февралда Салык кызматынын төрагасынын жаңы орун басары ведомствонун жамаатына тааныштырылды.
М. Рахманов буга чейин Салык кызматынын Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары болуп иштеген.
