Ислам принциптерине таянган Мурабаха: кадимки кредиттен айырмасы пайыз деген сөз жок, бирок үстөк төлөм бар
9 апрель

Ислам принциптерине таянган Мурабаха: кадимки кредиттен айырмасы пайыз деген сөз жок, бирок үстөк төлөм бар

Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банк тарабынан демилгеленген мыйзам долбоору каралууда. Белгилүү болгондой – бул Мурабаха, башкача айтканда кардарларга кадимки кредит эмес, ислам принциптерине таянган бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн берүү. 

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Медет Таиров түшүндүргөндөй, Мурабаха келишиминде банк товарларды сатып алат дагы, ага өзүнүн наркын кошуп туруп, кардарларга сатат. Кардар мында пайыздык көрсөткүчү бар кредит албайт, ал кайсы бир убакытка чейин товардын наркын бөлүп төлөп берет. 

Таиров белгилегендей, пайыздык чен коммерциялык банктардыкына тең, максималдуу – 29 пайыз. 

Депутат Гүлшаркан Култаева кадимки кредит менен Мурабаханын кандай айырмасы бардыгына кызыкты, анткени, экөөндө тең пайыз бар. 

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Илимбек Кубанычбеков Улуттук банктын өкүлдөрү максималдуу пайызды айтып жатышканын белгилеп, мыйзам долбоорун иштеп чыгууда пайыздарды 10-15 деп эсептешкенин белгиледи. 

“Эң көп дегенде 10-15 пайыз болот. Бул салттуу кредиттен бир топ арзан. Ислам баалуулуктарын карманган жарандар кредит алууну шариятка каршы келет деп эсептешет, ошондуктан биз аларга ыңгайлуу болсун деп ушуну киргизип жатабыз. Мында кайсы бир товарды кредитке алышпайт, бөлүп төлөө менен алышат, андыктан таза, адал продукция болуп калат”, – деди Кубанычбеков. 

Гүлшаркан Култаева: “Кредиттин аталышын башка кылып койсо эле, ислам принциптерине жатып калабы?” – деп сурады. 

Кубанычбеков Мурабаха келишимде пайыздык чен каралбай турганын, болгону банк сатып алган товарына өзүнүн наркын кошуп, кардарларга бөлүп төлөө жолу менен берээрин кайрадан кайталады. 

“Мисалы, 10 миң долларга машина сатып алды дейли, анын үстүнө үстөк кошуп, кардарга сатат. Эгерде кардар бир жылга бөлүп төлөө жолу менен алса, анда 12 миң доллар болот. Эгерде 3 жылга алса, анда 15 миң доллар. Мен муну мисал катары гана айтып жатам”, – деди депутат.