Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине кол коюлду
24 январь

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2024-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине кол койду.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (мындан ары – Кодекс) кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн кызыкчылыктарынын балансына жетишүүгө багытталган.

Кодекстин концепциясы менен төмөнкүлөр каралат:

  • эмгек келишиминин, эмгек мамилелеринин шарттарынын тартибин жөнөкөйлөштүрүү (эмгек келишимин, эмгек ченемдерин камтыган локалдык ченемдик укуктук актыларды электрондук түрдө түзүү; электрондук эмгек китепчесин жүргүзүү);
  • Кыргыз Республикасында мамлекеттик майрамдардын жана жумуш күн деп эсептелбеген майрамдардын санын кыскартуу; – жаңы жылдык жана май айындагы каникулдарды белгилөө;
  • дем алыш күндөрүн которуу ченемин жокко чыгаруу;
  • ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн жумуш орундарын квоталоо боюнча атайын иш-чараларды белгилөө; – кызматкер жумушта жаракат алган же каза болгон учурда бир жолку берилүүчү жөлөкпулдун өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу бирдей өлчөмдөгү бир жолку компенсация төлөө;
  • иш берүүчү тарабынан эмгек акыны, өргүү акысын төлөөнүн, иштен бошотууда эсептөөнүн жана башка төлөмдөрдүн мөөнөтүн бузган учурда 0,25 % өлчөмүндөгү айыптык ставканын бирдиктүү пайызын белгилөө;
  • эмгек акыны өндүрүү боюнча талаш-тартыштардын эскирүү мөөнөтүн белгилөө – 3 жыл;
  • мөөнөтү өтүп кеткен карызды төлөөдө пайыздык чендердин чектөөлөрүн алып салуу;
  • тараптардын макулдашуусу боюнча эмгек келишиминде аралыктан иштөө менен бирге комбинацияланган аралыктан иштөө да белгилениши мүмкүн деген ченемди киргизүү; – кош бойлуу аялдардын, бала эмизген аялдардын оор жумуштарда жана эмгек шарттары зыяндуу жана (же) кооптуу жумуштарда иштөөсүнө тыюу салган чараларды белгилөө;
  • кесиптик стандарттардын негизинде аткарылган иштин санына, сапатына жана татаалдыгына жараша аныкталуучу сый акы;
  • Эмгек кодексинен кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн өкүлчүлүгүнүн маселелерин жөнгө салуучу 7 беренени “Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына которуу.