Тамекинин экспорту жылдан жылга өсүүдө
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары айыл чарба жана кайра иштетуү өнөр жай министрлигинин «30+20+10» долбоорунун алкагында Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин адистери дыйкандар менен талаа жолугушуусун өткөрүштү.
Талаа жолугушуусунда негизги көйгөйлөр – жер маселеси, экспортко чыгуучу сорттор, жаңы технологиялар жана өндүрүштүн эффективдүүлүгү боюнча пикир алмашуу болду.
Анализ үчүн топурак үлгүлөрү алынып, сапаттуу өстүрүү боюнча сунуштар даярдалууда.
2024-жылдагы экспорт:
• 99.2 тонна тамеки – Греция
• 60.3 тонна – Вьетнам
• 477 тонна калдыктар – Россия
2025-жылдын 9 айы боюнча:
• 288 тонна –Греция
• 187 тонна калдыктар – Россия
• 18 тонна – Казакстан
Экспорт багыттары кеңейип, ар бир дыйкандын салымы өлкөнүн агрардык келечегин жакындатууда.
