Салык кызматы ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алтын буюмдарын мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт койду
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери «Ош» эл аралык аэропортунда ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн алтын буюмдарын мыйзамсыз алып кирүү аракетин токтотушту.
Рейддик салыктык көзөмөлдүн жүрүшүндө өлкөгө тиешелүү коштомо документтери жок, жалпы баасы 1 миллион сомдон ашкан алтын буюмдарын (шакек, сөйкө жана чынжырлар) алып кирүү аракети аныкталган.
Бул факт боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгында материалдар юридикалык баа берүү үчүн прокуратуранын органдарына жөнөтүлдү.
