Энергетика министринин орун басары Орто-Токой ГЭСинин курулушунун жүрүшү менен таанышты
17 октябрь

Энергетика министринин орун басары Орто-Токой ГЭСинин курулушунун жүрүшү менен таанышты

Кыргызстандын энергетика министринин орун басары Назгүл Усенова жана энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча иш алып барган тийиштүү адистер менен биргеликте “Чакан ГЭС” ААКнын бир катар энергетикалык объектилерине: 

• “Чакан ГЭС” ААКнын аймагындагы электр кубаттоочу станцияга;

• ГЭС-5тин суткалык жөнгө салуу бассейнинде жайгашкан калкып туруучу күн электр станциясына;

• Быстровска ГЭСинин аймагындагы электр кубаттоочу станцияга;

• Быстровска ГЭСине барып, ишмердүүлүгү менен таанышты. 

Иш сапардын алкагында Энергетика министрлигинен келген кызматкерлер Орто-Токой гидроэлектростанциясынын курулуш аянтчасына да барышты.

«Чакан ГЭС» ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Таалайбек Мамбеталиев курулуш иштери тууралуу кеңири маалымат берип, долбоор бекитилген графикке ылайык жүрүп жатканын билдирди. 

Ошондой эле курулуштун сапатына, коопсуздук чараларына жана ресурстарды үнөмдүү пайдаланууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айттып өттү.

Министрдин орун басары Назгуль Усенова салттуу жана жаңылануучу энергетиканы бирдей өнүктүрүү өлкөнүн негизги багыттарынын бири экенин белгилеп, заманбап технологияларды колдонуу жана табигый ресурстарды туруктуу пайдалануу – энергетика тармагындагы мамлекеттик саясаттын башкы багыты экенин баса белгиледи. Мындан тышкары ал ГЭСтин курулуш иштерин графикке ылаык өз убагында бүткөрүү керек экендигин тийиштүү жетекчилерге тапшырды.

Эске салсак, Орто-Токой ГЭСинин (ГЭС) курулушу компаниянын приоритеттүү долбоорлорунун бири болуп саналат жана өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын өнүктүрүү үчүн чоң мааниге ээ. Бардык иштер бекитилген график боюнча жүрүп, «Чакан ГЭС» ААК жетекчилигинин туруктуу көзөмөлүндө. Станциянын пландалган кубаттуулугу — 21 МВт.