Кыргызстандагы баалуу кагаздар рыногунда 297 уюм иштейт
Ушул жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын баалуу кагаздар рыногунда 278 юридикалык жак кесипкөй иш алып барып, ар кандай иш-аракеттерге 297 лицензияга ээ болгон.
Лицензиялардын иш аракеттери боюнча бөлүштүрүлүшү:
- Брокердик иш аракет – 97
- Дилердик иш аракет – 86
- Баалуу кагаз ээлеринин реестрлерин жүргүзүү – 17
- Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу – 74
- Депозитарийдик иш-аракет – 15
- Баалуу кагаздар рыногундагы соода уюштуруучулар – 5
- Инвестициялык фонддор – 3.
Жалпысынан: 297 лицензия.
Жөнгө салуучу орган рыноктун туруктуу өнүгүшүн жана катышуучулардын санынын өсүшүн белгилейт, бул инвестициялык инфраструктураны чыңдоого жана Кыргызстандын финансылык инструменттерине болгон ишенимди жогорулатууга өбөлгө түзөт.
